Мугалимдер бүтүрүүчүлөргө жол көрсөтүштү

  • 16.04.2013
  • 0

«Илим» билим берүү комплексинин мугалимдери И.Арабаев атындагы КМУнун педагогикалык адистигинин бүтүрүүчүлөрү менен «Мугалим – мамлекеттин сыймыгы» аттуу жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууга университеттин педагогикалык адистигинде мыкты окуган студенттери чакырылган. Себеби «Илим» билим берүү комплекси окууну мыкты бүтүрүп жаткан жаш мугалимдерди ишке алууга жана аларга туура багыт берүүгө даяр.

— Окуу жай жетекчилигине мыкты окуган гана бүтүрүүчүлөр менен жолуктурууну суранганыбыздын дагы себеби бар. «Илим» билим берүү комплекси жеке менчик болгондуктан, бизде балдарга сапаттуу, жогорку деңгээлде, заманбап техникалык каражаттар менен сабак өтүлөт. Мугалимдерге дагы жогорку талап коюлат. Ошондуктан мыкты бүтүрүүчүлөргө иш берүүгө даярбыз, — деди окуу жайдын башкы директору Гайша Ибраимова.

Жолугушуунун негизги максаты – бүтүрүүчүлөргө мугалимдик кесиптин ыйыктыгы, улуктугу жана коомдогу ролу тууралуу маалымат берип, студенттердин көңүлүн буруу болуп саналат. Себеби мугалимдик кесиптин беделин көтөрүү менен гана мектепке жаш мугалимдерди тартууга болот.

— Мектепке жаш педагогдорду тартуу үчүн ириде мугалимдердин беделин көтөрүү зарыл. Айлык акыны жогорулатып коюу менен маселе чечилбейт. Ошондуктан ушундай жолугушууларды, иш-чараларды өткөрүү зарыл. Негизи мугалим — ыйык жана анын эмгегине баа жетпейт, — деди өз сөзүндө окуу жайдын ректору Төлөбек Абдрахманов.

Уюштуруучулар студенттерге балага таалим-тарбия берген, аларга турмушта жол көрсөткөн жалгыз мугалим экендиги жана бул кесиптин ыйыктыгы, балдар менен иштөөнүн кызыктуулугу тууралуу айтышып, студенттер менен кенен пикир алышышты.

Чолпон Кийизбаева

Поделиться

Комментарии