Жан башына каржылоонун күңгөй-тескейи

  • 15.04.2013
  • 1

Кыргызстандын көпчүлүк мектептерине киргизилген жан башына каржылоо системасы жыл айланбай коомчулукта ар кандай карама-каршы ойлорду жаратууда. Өз пикирин айткандардын арасында өлкөдөгү билим берүүнү каржылоонун бул жаңы механизмин колдогондор да, ага каршы чыккандар бар.

СААМАЛЫКТЫН ПИОНЕРИ КИМ?

Чүй облусундагы Ысык – Ата районун каржылоонун жаңы механизминин пионери  десек болот. Анткени, аталган райондо Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу ЮСАИДдин ПИКС долбоору 2005-2006 – жылдар аралыгында билим берүү системасын каржылоонун жаңы механизмин ишке ашыруу аракеттерин көргөн. Кийинчерээк, ЮСАИДдин «Сапаттуу билим» долбоору бул саамалыкты Чүй облусунун 300 мектебине жайылтып, мектеп мугалимдерине, администрациясына, айыл өкмөт башчыларына, эсепчилерине жаңы механизм боюнча жетиштүү билим берген семинар-тренингдерди уюштурду. Чүй облусунун айрым мектептеринде мектеп бюджетин ар тараптан талкууга алган бюджеттик угуулар  өтүп, алардын ишине мугалимдер, мектеп  администрациясы, Камкорчулар кеңешинин активдүү мүчөлөрү, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, эсепчилери, ата-энелер, окуучулардын өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү тегиз катышкан.  Буга удаалаш мындай мазмундагы аракеттер Бүткүл Дүйнөлүк Банктын  «Айылдык билим берүү» долбоору аркылуу республикабыздын Ысык-Көл, Баткен облустарында ишке ашып, коомчулуктун кеңири колдоосуна ээ болгону белгилүү.

ӨТКӨН ЖЫЛКЫ ТАРЫХЫЙ ЧЕЧИМ

Билим берүү жана илим министрлиги каржылоонун жаңы системасында топтолгон буга чейинки тажрыйбага таянып, быйылкы окуу жылдан баштап жан башына каржылоо системасын Ош жана Бишкек шаарларында Европалык Союздун көмөгү аркылуу жайылта баштады. Билим берүү системасын каржылоонун жаңы системасынын төркүнү агартуу ишинин абалын сырттан эмес, ичтен билген адамга айтпаса да түшүнүктүү. Ошентип, көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан бул инновациялык демилгенин максаты – мамлекет тарабынан билим берүүгө бөлүнгөн акчанын бир тыйынын да коротпой, аны мектептердеги ар бир окуучуга адрестүү бөлүштүрүп, үнөмдөлгөн акчаны мектепти өнүктүрүүгө жумшап, союздан калган ыкшоолукка, демилгесиздикке, айдама ишке көнгөн мугалимдерди, арабөк калган мектептерди окуу процессинде окутуунун жаңы технологияларын шыр колдонууга, өзүнүн кесиптик билимин өркүндөтүүгө, демилгелүүлүккө кызыктырып , кесиптештер ортосунда чыныгы чыгармачылык таймашты жайылтып, муну менен билим берүүдөгү башкы фигура болгон мугалимди кыймылга келтирип, мектептеги билим-тарбиянын сапатын  кескин жогорулатууну, ошондой эле билим берүүгө делген акча агымдарын айыл өкмөттөрү аркылуу мектептерге жеткирип, акыр аягында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынынын жер-жерлердеги таасирин күчөтүүнү көздөдү.

КАРШЫ ЧЫККАНДАРДЫН АРГУМЕНТТЕРИНЕ КУЛАК САЛСАК

Тилекке каршы, баардык эле мектептер үнөмдөлгөн акчаны көзөмөлдөөнү жана аны мектепти өнүктүрүүгө жумшоону шыр колго алып кетишпеди. Үнөмдөлгөн акча көпчүлүк учурда айыл өкмөтүнүн эсебинде калып, Каржы министрлиги да үнөмдөлгөн акчадан ар кандай эсептөөлөрдү жүргүзүү аркылуу өз пайдасына өөнөп кирди. Бул көрүнүш, албетте, Билим берүү жана илим министрлигинин орундуу тынчсыздануусун пайда кылды. Учурда агартуу тармагын тейлеген министрлик мектептерге делген акча агымдарын райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн алдында кайра түзүлүүчү борбордоштурулган бухгалтериялар аркылуу жеткирүүнү ойлонуштурууда.

Жаңы механизмдин киргизилиши менен  айрым жерлерде, анын ичинде борбор шаардын мугалимдери буга чейинки 1000 сом өлчөмүндөгү жөлөк пулунан кол жуушту.  Каржылоо системасындагы бул саамалыктын мугалимдер арасында шыр колдоого ээ болушуна ушул да кайсы бир деңгээлде тоскоол болгону азыр түшүнүктүү. Буга кошул-ташыл айлыкты эсептөөнүн жаңы системасы киргизилер менен категориялар боюнча төлөмдөр алынып салынды. Бул албетте, шаардык мугалимдердин жаңы системага болгон нааразылыгын күчөттү.  Каршы чыккандардын аргументтерине кулак салсак: «мурункусу эле жакшы болчу» деген бир беткей позиция менен кошо маани –маңыздуу пикирлер да бар. Талас облустук чет тилдер багытындагы лицейдин директорунун илимий-методикалык иштер боюнча орун басары Акчал Атагулов жаңы механизмдин мугалимдер ортосунда чыгармачылык аттандаштыкты өөрчүтүүгө багытталганын жакшы көрүнүш катары баалап, бирок мыкты класска топтолгон балдардын сүрмө топко айланышынан, элет жериндеги  айрым окуучу саны аз мектептердин ээн калган имараттары балдар бакчаларынын кейпин кийип, таптакыр жок болуп кетишинен кооптонот. Ушуга үндөш пикирлерди Нарын, Талас облусунун  бир топ мугалимдери билдирет. Агартуу тармагындагы иштеген агай-эжейлердин суроо-талаптарынын негизинде 2012-жылы 27-ноябрда Жогорку Кеңештин Комитет жыйыны болуп, анда алыскы тоолуу райондордо, айрыкча чек аралуу райондордо жайгашкан чакан мектептерди сактап калуу жана өнүктүрүү үчүн жан башына каржылоодон башка кошумча булактарды табуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигине сунуштар берилген.

 

ЖАҢЫ МЕХАНИЗМДИ КОЛДОГОНДОР ЭМНЕ ДЕЙТ?

Кара-Суу  районундагы Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Замира Атакулова «Сапаттуу билим» долбоору уюштурган далай семинар-тренингдерге катышып, окуучунун позициясында сабактын максатын аныктоо, калыптандыруучу баалоо, мектепте насаатчылыкты жүргүзүү боюнча зор тажрыйба топтогон, чыгармачыл мугалим. Замиранын бир өзгөчөлүгү – ал ар дайым өзүнүн кесиптик билимин жогорулатуу үстүндө иштеп, ар бир сабагына астейдил даярданат. Жакында ал биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча кызыктыруучу гранттын эсебинен 4000 миң сом кошумча акча алды. «Жаңы механизм окуучуну гана эмес, биздей чыгармачылык менен иштеген мугалимдерди колдоп жатат. Ал —  ошонусу менен баалуу. Мурда бюджеттин эсебинен мугалимди колдоо деген жок болчу. Азыр мектепке бөлүнгөн акчаны үнөмдүү пайдалануу аркылуу көп иштерди жасаса болот. Материалдык колдоо алган мугалимдерди көрүп, башкалардын да ишке болгон мамилеси өзгөрүп жатат», — дейт чыгармачыл мугалим.

Жаңы механизм жайылганы мектеп админстрациясына ишти уюштуруу жеңилдегенин ысык-көлдүк педагог Мирбек Дюшембиев каржылоо жаатындагы саамалыктын оң жагы катары баалайт: «Мурда завучтарга чыны менен кыйын болчу. Жан башына өткөндөн бери иштеш кыйла жеңилдеди. Мугалимдерге бир жумада, бир айда эмнелер аткарыларын жазып, илип коебуз. Мурункудай артынан түшүү жок. Өздөрү чуркап иштеп жатат», — дейт Түп районундагы Өмүр баатыр атындагы орто мектебинин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Мирбек Дюшембиев.

Жаңы системаны колдогондордун арасында Чүй районунун Үкүев атындагы орто мектебинин директору Майрам Шаршеева да бар. Майрам Жекшеновна жетектеген мектепти «жок болуп кетет» деген чакан мектептердин катарына кошсо болот. Мында болгону 262 окуучу окуйт. Көрүп тургандай окуучу саны анча көп эмес. Ошого карабастан директордун жаңы системага болгон ишеними чоң: «Мектеп бюджети деген эмне? Аны кантип үнөмдөш керек,  айыл өкмөтүндөгү мектепке бөлүнгөн акчаны кантип көзөмөлдөш керек, ушунун баарын бизге «Сапаттуу билим» үйрөттү. Болбойт, жарабайт деген сөздөр  бул жаңы системага жетик түшүнбөгөндүктөн келип чыгууда»,- дейт мектеп жетекчиси.

Лейлектик чыгармачыл мугалим Тайир Аширбай да жаңы системага карата жалпы мамлекеттик деңгээлде жетик түшүнүү, туура кабылдоо болбой жатканын өкүнүч менен белгилейт.

Билим берүү боюнча дасыккан адис Рашид Шакиров  учурда Кыргызстандын шартында мектептер үчүн жан башына каржылоо системасынан башка жол жок деп эсептейт. «Коррупцияга белчесинен баткан коомдо жан башына каржылоо моделинен башка альтернатива жок. Ансыз биз мектепке делген акчанынын канчасы кайда кеткенин билбей калабыз. Мектепке бөлүнгөн акча биринчи иретте мугалимге же мектеп имаратына  эмес, ар бир окуучуга багытталып бөлүнүшү керек, ошондо гана мектептин таалим-тарбия ишинде жылыш болот.  Биз көп учурда мектеп кимдики экенин унутуп калабыз. Мектеп – бул мугалимдики да, директордуку да эмес! Ал баарынан мурун  — окуучунуку! Ушуну унутпасак», — дейт Рашид Хайдарович.

А. Алибеков, АКСЕЛСтин «Жамааттар байланышы» программасынын бүтүрүүчүсү
(АКШ, Түндүк Каролина, 2010-ж.)

Поделиться

Комментарии

kalibek / 24.04.2013 15:12
Окуучу саны көп мектепт ер үчүн жакшы, бирок окуучу саны аз мектептер үчүн кыйнчылык эле болуп калат экен Акчал атагуловдун ойна кошулам бирок жан башына каржылоо деп эле окуучуларды бир класска толтуруп алсак кандай билим сапаты болот коп киши менен иштегенге 45 мунотто кантип жетишсе болот? менин оюмча