Ынтымакты чыңдаган жаңы борбор

  • 11.04.2013
  • 0

Ынтымакты чыңдаган жаңы борбор

Кыргыз жана Тажик Республикаларынын Жазуучулар союздарынын мүчөсү Мирзохалим Каримовдун демилгеси менен Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл округундагы С. Айни атындагы орто мектепте кыргыз тили жана кыргыз-тажик адабият борбору ачылды. Борборду ачууга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, “Учкун” ААК жана “Манас Ордо” жаштар бирикмеси жардам берди.

М. Каримовдун бизге берген маалыматына таянсак, борбордун негизги милдеттеринин бири – тил, адабият аркылуу кыргыз-тажик элдеринин достук-ынтымагын, бир туугандыгын чыңдоого кошкон салымы болуп саналат.

Борборго жазуучу М. Каримовдун жеке өзүнүн жыйнап жүргөн адабий, илимий китептери жана ар кандай мекеме-уюмдардан, басмалардан белек катары тартууланган миңге жакын китептер, портреттер, сөздүктөр, окуу куралдары топтоштурулган.

— Бул борбор тажик тилинде окуган окуучуларга гана эмес, кыргыз тилин жакшы өздөштүрүүгө кызыккан башка каалоочуларга да кызмат көрсөтмөкчү. Мында мамлекеттик тилге арналып өткөрүлө турган майрамдар, аты алыска тараган белгилүү кыргыз, тажик акын-жазуучуларынын мааракелери, алар менен өтчү жолугушуулар, адабий кечелер өткөрүлүп турмакчы. Келечекте бул борбор тил, адабият гана эмес, достук байланышты чыңдоочу ыйык жайга айланат. Аты ааламга кеткен кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун Лениндик сыйлыктын лауреаты Мирзо-Турсун заде менен жана Дүйшөмбү мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушуу учурунда тажик элинин улуттук кийими менен түшкөн сүрөттөрү биз үчүн баа жеткис белек, — дейт мектептин директору Мирадил Фаезидинов.

Ал эми Үч-Коргон орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мухтасар Абдибаитованын айтымында, акыркы жылдарда тажик улутундагы калк кыргыз тилин өздөштүрүүгө абдан кызыкдар.

— Мен өзүм тажик кызымын. Мектептерде кыргыз тилинен сабак берген мугалимдер жетишпегендиктен, Кызыл-Кыядагы гуманитардык педагогикалык институтунун кыргыз тили, адабияты факультетине кирип, аны артыкчылык диплому менен аяктадым. Ишиме да аябай кызыгамын. Менин окуткан окуучуларым кыргыз тилине арналган кечелерде, мааракелерде дайыма алдыңкы орундарды ээлеп жүрүшөт. Мен жакында биздин аймактагы мектептер арасында уюштурулган “Жыл мугалими – 2013” сынагында биринчи орунду ээлеп, райондук деңгээлде өтө турган сынакка жолдомо алдым, — дейт айылдык мугалим.

Жазуучу, котормочу М. Каримовдун демилгеси менен уюштурулган борбор башкаларга үлгү боло тургандай жакшы жышаан. Ал эки элдин карым-катнашын жана достугун чыңдоого кызмат кыла бермекчи.

Гүлнара Алыбаева

Поделиться

Комментарии