Кыргыз улуттук университетинин чүрөгү аныкталды
- 05.04.2013
- 0
Кожомкул атындагы спорт сарайында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери арасында «Мисс жана Мистер — 2013» кароо-сынагы өткөрүлүп, ага КУУда билим алып жаткан кыргыздын ай чырайлуу, кымча бел сулуу кыздары жана ар өнөргө эгедер, таланттуу, мекенчил мырзалары катышышты.
Жалпысынан 18 (9 мырза, 9 кыз) катышуучу өздөрүн сынга коюшуп, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Аталган сынакка окуу жайдын Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун 1-курсунун студенти Кашымбекова Тунук жана 3-курстун студенти Ишенова Гүлнура катышып, биринчиси «КУУнун чүрөгү — 2013» деп табылып, атайын диплом жана 13000 (он үч миң сом) акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал эми 3-курстун студенти Ишенова Гүлнура 3-орунду багындырды. Ошентип, келечектеги мугалимдер бир эле чырайлуу жүзү менен эмес, чыгармачылык, билими жагынан дагы алдыда экенин тастыктай алышты.
Комментарии