А.Атамбаев, КР Президенти: “Экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга жөндөмдүү студенттерди кеңири тартуу зарыл”

  • 05.04.2013
  • 0

А.Атамбаев, КР Президенти: “Экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга жөндөмдүү студенттерди кеңири тартуу зарыл”

3-апрелде Президент Алмазбек Атамбаев И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде “Технолог” тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын окуу-практикалык борборунун ачылыш салтанатына катышты. 

Мамлекет башчы окуу-өндүрүштүк цехтерди жана лабораторияларды кыдырып чыгып, студенттердин илимий иштери менен таанышты. Андан соң студенттер менен жолугушуп, эркин формада маек курду. А.Атамбаев эл ичинде “Политех” деп аталып калган окуу жайы азыр деле өлкөгө керектүү инженердик-техникалык кадрларды даярдап жаткандыгын белгиледи. Азыркы заманда жогорку билимдүү адистер гана ийгиликтүү жана атаандашууга жөндөмдүү экономиканы түзө алат.

“Кыргызстандын ар бир жыйырманчы жараны жогорку окуу жайларынын студенти болуп саналат. Бирок мунун экинчи жагы дагы бар. Жапырт жогорку билим берүүнүн артынан сая түшкөн окуу жайлары кесиптик билимдин сапатын төмөндөтүп алышты”, — деди мамлекет башчысы.

А.Атамбаев жогорку окуу жайлар келишимдик топтордун санын көбөйтүп, жыйынтыгында эмгек рыногу талап кылбаган, кесиптик даярдыгы төмөн дипломдуу адистерге толуп кетип жатканын белгиледи. Жогорку билим берүү системасындагы коррупция көйгөйлүү маселе экендигине көңүл бурду. Бул проблема акыры келип билим берүү системасына гана коркунуч келтирбестен, улуттун мамлекеттүүлүгүнө дагы доо келтирерин айтты.

“Кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, 35 жашында республиканын Министрлер Советинин төрагасы болгон Исхак Раззаков учурунда мындай деген эле: “Эгерде мен таза болсом, сен таза болсоң, коомубуз дагы таза болот”. Сиздердин университет ал белгилүү инсандын ысымын алып жүрөт. Ушул жагдай сиздерди көп нерсеге милдеттендирет”, — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы 2013-2017-жылдарда Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруунун алкагында Камбар-Ата ГЭС-1 жана Жогорку-Нарын ГЭСтер каскадын куруу, экинчи гидроагрегатты ишке киргизүү боюнча Камбар-Ата ГЭС-2 курулушун улантуу жана Сары-Жаз дарыясында ГЭСтер каскадын куруу маселесин иштеп чыгуу күтүлүп жаткандыгын белгиледи. Ошол гидроэнергетикалык курулуштарды курууга 15 миңден ашык адам тартылат. Мультипликативдик натыйжалуулукту эске алганда 40 миңге чукул адам иштемекчи. Демек, гидрокуруучу, куруучу, гидроэнергетик сыяктуу жана башка техникалык адистиктерге суроо-талап өсөт.

“Биз өнөр жайын кайра жандандырууга шымалана киришебиз. Ошондуктан сиздердин окуу жайына өзгөчө ишеним артылат. КТУ Кыргызстандын экономикасынын стратегиялык тармактарын өнүктүрүү үчүн кадрларды даярдоого басым жасайт деп ишенебиз”, — деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Кадрлардын сапаты тууралуу сөз кылып келип, тийиштүү адистиктерди даярдоо боюнча ишти өркүндөтүү менен бирге, тажрыйба алмашуу боюнча Россия Федерациясынын жогорку окуу жайлары менен кызматташтыкты чыңдоонун зарылчылыгын баса белгиледи. Россиянын жана башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларында адистерди окутуу жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу зарыл экендиги айтылды.

“Мындай борбор өлкөнүн өнөр жай тармагынын реалдуу керектөөлөрүнө багыт алып, практикалык пайда алып келүүгө тийиш”, — деп белгиледи Президент.

Андан соң Президент студенттердин суроолоруна жооп берип, жолугушуу эки сааттан узак созулду.

Маалымат үчүн: тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын “Технолог” окуу-практикалык борбору Япония Өкмөтүнүн жана Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен түзүлгөн. Долбоордун фонду 1 млн 423 миң АКШ долларын түзөт.

Долбоордун максаты өндүрүүчүлөргө инновациялык жана заманбап технологияларды берүү жолу менен өлкөнүн кайра иштетүү өнөр жайын экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу болуп саналат. Борбордо төрт өндүрүштүк цех бар: этти кайра иштетүү, сүттү кайра иштетүү, нан жана кондитер азыктарын бышыруу, жашылча-жемиштерди кайра иштетүү цехи. Аталган цехтерде Италиядан, Испаниядан жана Россиядан заманбап жабдуулар, ошондой эле  химиялык, микробиологиялык, сенсордук, компьютердик техника жана офистик эмерек лабораториялар үчүн приборлор орнотулган.

Поделиться

Комментарии